Категории
Самые читаемые
RUSBOOK.SU » Поэзия, Драматургия » Поэзия » Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев

Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев

07.05.2024 - 11:01 0 0
0
Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев
Описание Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев
Артыбызга кылчайганда жашообуз эсте калган айрым көрүнүштөрдөн, көз ирмемдерден турганын байкайбыз. Алар чогулуп келип кыл калемдин майда-майда сүртүмдөрүнөн жаралгандай жашообуздун полотносун түзөт. Бул китепте мен 30 жылдык жашоомдогу ошондой мага кымбат сүртүмдөр менен бөлүшүп жатам.
Читать онлайн Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев

Шрифт:

-
+

Интервал:

-
+

Закладка:

Сделать
1 2
Перейти на страницу:

Сүртүмдөр

Ырлар

Марат Шейшекеевич Токоев

Редактор Жыргалбек Касаболотов

© Марат Шейшекеевич Токоев, 2017

ISBN 978-5-4485-0010-7

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

СҮРТҮМДӨР

Анткени

Ырларымдан издебе Гармонияны.Табыш кыйын, оор аны.Анткени жан-дүйнөмдүн тоомундаБийлик кылат душманы «Дис-»1Ооруган тишБийлик кылгандай ойлоруңа:«Зырп» этсе, шамал кулу жалбырактайЧачылат ойлоруң ар-тарапка.

Бирок да таарынбайм да, өкүнбөймТагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.Анткени жапайы да, азоо даЫйлатып, термелткен теректиКуюн да керектир,Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:Кээде керек сезимдерди көнүмүшкөБагындыртбас акын – АНТИ мүнүшкөр.

30.12.1995

«Күн алдында көз карыткан аппак жер…»

Күн алдында көз карыткан аппак жерЖаңы жылга белек сымал Кудайдан.Ак белектин күзөтчүсү тентек желОйногондой мени менен жашынмак«Мен мындамын, эй!», – дегенсип бутактанКүбүп кетти бубак карды башыма.

Кыймылдабай, ушул карды жамынып,Окшоштурам өзүмдү бир дараккаТабигатка сезгим келип жакындык.Бекер үмүт. Чоочун бойдон калдым мен —Ортодогу көрүнбөгөн жаракаАзиз жанга аттап өткүс чоң экен.

26—27.12.1994

«Улам-улам жолду карайм…»

Улам-улам жолду карайм.Көрүнбөйбү бир караан?Кимди күтөм? Өзүм билбейм.

Өзүмдү өзүм алдап келем.Үмүт менен жашап келем.Неге күтөм? Өзүм билбейм.

«Эмне» эмеспи «Ким» дегеним?Чын элеби деги менинКүткөнүм бул? Өзүм билбейм.

01.02.1997

Көлчүктөр

Асмандын үзүктөрүКараарып жерде жатат.Күзгү болуп күздүн өртүнЧагылтуудан катуу тажап.

Эмнеге ал умтулдуЖаан болуп төгүлүүгө?Тапканы – адам бутуСанаа салган көңүлүнө.

Кайра эңсейт көк асманды,Жашоосун жыргал, эркин.Ызасынан бычыраттыЧагылышын ак теректин

11.11.1994—01.2009

«Тирлик менен жерге бекем байланган…»

Тирлик менен жерге бекем байланган,Ойду жанчып, кишендеген капаста,Жалынгандай тиктеп чексиз асмангаБулуттардын оюнуна арбалам.

Бул учурда келбейт менин эстегим(Керек сөзсүз бир нерсеге ишенүү)Булут дагы эркин эмес, кишендүү,Көрүнбөгөн желдин кулу экенин.

«Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң…»

Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуңМенден, байкуш, бир нерсени сурайсың.А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.Сен караба, менин адам кейпиме.Чыгаралбай эч ким укпас бугумдуСендей гана жалдыраган итмин мен.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.Орусча айтсам: «Будет вместе веселей».Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,Сен да мага ишенбейсиң кенедей.

05.1997

«Күндүн нуру ойногон…»

Күндүн нуру ойногонКөктө калкыйт булуттар,Кайталангыс көрүнүшКөз ирмемге жаратып,Жаралантып жүрөгүнСүрөтчүнүн, акындын,Жан умтулуп жетпегенСулуулукка чакырып.Ал чакырык арбаганАкын тынчтык унутат,Асып коюп бактысынАсмандагы булутка.

«Асман бетинде сейилде…»

Асман бетинде сейилдеАй орогуна илинипАраң бошонду ак булут.

Эркин жашоодо билбегенЭмне экени буулугууБолгон кайгысы ушудур.

06.05.1995

«Жер өлүктөй кепинделген ак карга…»

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.Дарак суроо белгисиндей, а каргаБутагында үтүр болуп үргүлөйт.

Бирок дүйнө издегенин акырыКубанычсыз бул суздуктан тапкансыпМемиреп тынч. Айлананын ак ырыУйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.

04—05.03.1994—2010

«Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп…»

Таңгаласың «Үшүбөйсүңбү-, деп,– Неге жеңил кийинип алгансың?Күндү суугун карачы: шөмтүрөп,

Жаан-шамалга жанчылып, сабалып,Дүйнө жатат бир байкуш, асмандынАёо билбес каарына калгансып».

Таңгаласың. Билбейсиң себебинТурганымдын туйбай суук азабын.Сууган жүрөк күн суугун сезеби?

29.04.1993—06.10.1999

«Тарыхтын кумдан барагы…»

Тарыхтын кумдан барагыТолтура түркүн издерге.Менин да изим калабыБетинде анын бир кезде?

Бирок да шамал-убакытЭч кимге билбейт аёону.Эрмекке жаңы кубаныпИзиме салар ойронду.

Жалгыздык

Басёнун каргасындай жалгыздыкШоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,Жылаңач бутактары каржайып,Суналган суз асмандын алдында.

Жымжырттык. Кээде гана угулатШамалдын үшкүргөнү кайгылуу,Оодарып жалбырактар барагынАчкандай жок экенин кайрылуу.

Кайрылуу эсил кайран күндөргөАянбай жүрөк жанган жалбырттап.А бүгүн кайырчыдай жүрөгүмБашканын жалынына жалдырайт.

Басёнун каргасындай жалгыздыкШоңшойот жан дүйнөмдун багында,Жылаңач бутактары каржайып,Суналган суз асмандын алдында.

Короодо өскөн жалгыз даракка

Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей —Эч бир жан жок бул капастан куткараар.

Курчоосунда муздак бетон дубалдынЭлестеткен тунжуроонун эзүүсүнЖалгыздыктын символунун өзүсүңКатып калган тиктеп бетин асмандын.

Күз таңы

Кеч күздүн муздак таңы.Бүрүшүп жатат дүйнө.Ак кыроо айлананыКамакка алган түндө.

Бир гана жалбырактынОтуна алы жетпейт.Ар жерде ак барактынБетинен жалын тиктейт.

30.10.1992

«Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетемин…»

Сууга чөккөн таштай мен чөгүм кетеминУбакыттын кыйырсыз мейкиндигине.Бул дүйнөдө ушунчалык жашап келгенимАраң жарайт бир гана «Чулп» эткенине.

«Итке сөөктү ыргыткандай жардамың…»

Итке сөөктү ыргыткандай жардамыңАлайын деп араң барып кармандым.Катаал турмуш туюк бурчка такаган,Кечир мени, ит эмесмин – адаммын.

«Ойлорум – көпөлөктүн көлөкөсү…»

Ойлорум – көпөлөктүн көлөкөсү,Жалыны шам чырактын.Үлбүрөк көрөңгөсү,Тууганы жакын – закым.Кенедей тирлик желиБороондой алыс, алысСындырып чачат жеңилКөксөөсүн анын алсызУлуулукту,Аруулукту…

«Итти көрдүм…»

Итти көрдүмӨлүп жаткан көчөдө.Жансыз көздөрүӨткөндөрдүнЭтектеринен тарткылапСурагансыйт аянычтуу:«Токточу, айтчы,Бул өлүмбү?»Жабык бирокЖан-дүйнөгө эшиктер.Кайдыгер,Жийиркенген көз караштарӨтөт аны чаап бет талаштыра.АсманБүт оордугу мененКулагансыды жүрөккө.А болгону итти көрдүмӨлүп жаткан көчөдө.

«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө…»

«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө».Бүтпөй калган бир ырымдын баш сабы.Негедир ал бүгүн келип эсимеКетпей койду. Улам-улам шыбырайм,Жансоогалап келтиргенсип келмени:«Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө».Таң маалдагы түшүмдөнбү? Мага окшошЗакым элес караңгыдан унчукпайБасып келип, карап алып көзүмөДагы унчукпай бурулду да жок болду.Жүрөк сезди ким экенин бул караан.Жер жарылып урабады үмүттөр,Мас кылган да кубаныч жок. Бир ганаМуздак колдуу ага бирөө тийгендейТүштү жүрөк көз ирмемге чыйрыга.Көзүм ачсам күндүн нуру шыкаалапКечиккен жай «Жүр», деп жаңсайт көчөгө.

Жүрөгүм

Сени качан чор баскан,Жай жашоодо былк этпейҮлбүрөгөн, жүрөгүм?

Ооруларын сыздаганКабылдайсың дүйнөнүнОкугандай куш кабар.

2.10.95

«Жүрөгүм – паровоз…»

Жүрөгүм – паровоз.Жылдардын канчасынВагондордой чиркештирипСүйрөй алат болду экенСтанцияга чейин акыркы«Өлүм» деген?Кандай болот күүсүДөңгөлөктөрүнүн?Шаңдуубу?Же кайгылуубу – күңгүрөгөн?Билбейм.Жөн гана жашап келемАткарып болушунчаЖараткандын буйругун«Жаша, – деген, —Ырлар мененУзартып өмүрүңдү».

«Өз үнүмөн онтогон…»

Өз үнүмөн онтогонСелт деп чоочуп ойгонгонУзак түндөр көп болду.

Неге жүрөк чакыратӨжөрлөнүп, так, кылдатКоркунучтуу ойлорду?

Не келет ал айткысы?Ойлор ненин ачкычы?Неге кандай убада?

Жол таппаган азиздейСуроолорго жооп издепБолом бекер убара.

8.09.96

«Бул тагдырым …»

1 2
Перейти на страницу:
На этой странице вы можете бесплатно скачать Сүртүмдөр. Ырлар - Марат Токоев торрент бесплатно.
Комментарии
Открыть боковую панель
Комментарии
Сергій
Сергій 25.01.2024 - 17:17
"Убийство миссис Спэнлоу" от Агаты Кристи – это великолепный детектив, который завораживает с первой страницы и держит в напряжении до последнего момента. Кристи, как всегда, мастерски строит